Улуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады«Кыргызкөмүр» 2025-жылы боюнча 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөн2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу сот иштери 24%га өстүКыргызстандын бизнеси 2025-жылдын I жарым жылдыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнө 82 млн долларга жакын инвестиция салды
7 жылда кыргыз окуучулары эл аралык олимпиадада 88 орунду багындырышкан
23.08.2024 | 15:40
2017-2024-жыл аралыгында кыргызстандык окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиадада 88 медаль алышкан. Бул тууралуу математика боюнча курама командасынын машыктыруучусу Мамат Ишматов билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин жарманкесинде билдирди
Окуучулар алдынкы орундарды ээлеген олимпиадалар:
- Математика боюнча эл аралык олимпиадада IMO – бир алтын, үч күмүш, бир коло медаль жана 20 грамота алышкан;
- Математика боюнча эл аралык Жаутыков олимпиадасында – 6 күмүш жана 14 коло медаль;
- Балкан математикалык олимпиадасында – 1 күмүш, 4 коло медаль жана 3 грамота;
- Өспүрүмдөрдүн Балкан математикалык олимпиадасында – 1 күмүш жана 2 коло медаль;
- Кытайдагы IMSC олимпиадасында – 1 күмүш, 5 коло медаль жана 4 грамота;
- Математика боюнча Азия-Тынч океан олимпиадасында – 1 алтын, 2 күмүш, 9 коло медаль жана 29 грамота;
- Геометрия боюнча Иран олимпиадасында – 2 алтын, 5 күмүш жана 12 коло медаль;
- АМС боюнча америка математика олимпиадасында – 18 алтын медаль жана грамота.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим