БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
80 телефон, 72 SIM карта, баңгизат: Психиатриялык ооруканада ири алдамчылык катталды
28.09.2025 | 12:17

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканада жазасын өтөп жаткан 33 жаштагы аял 1 млн 13 миң сомду алдамчылык жолу менен алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ кабарлады.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу Ж.М. аттуу жаранга өзүн УКМК жана ИИМ кызматкеримин деп таанышкан адамдар кайра-кайра чалып, акчаны ар кандай эсептерге котортуп алышкан.
Териштирүүдө алдамчылык сим-бокс аркылуу ишке ашырылганы белгилүү болду. Текшерүүдө:
- 80 мобилдик телефон,
- 72 SIM карта,
- бир нече банк картасы,
- казино фишкалары, баңгизат жана
- бейтаптардын сыртта жүргөн сүрөттөрү табылган.
Шектүү көрсөтмө берип, SIM карталарды оорукананын ичине жашыруун алып кирип, Telegram аркылуу алдамчылык аракеттерин жүргүзгөнүн мойнуна алган.
Факт боюнча кылмыш иши козголду. Мекеме жетекчилигинин аракетине укуктук баа берилери белгиленди.