Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 9-декабрь күнү түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.
Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуулайт. Жолдор карга толуп, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн -6…-11
күндүз -3…-8
Талас облусу
түнкүсүн -7…-12
күндүз -3…-8
Баткен облусу
түнкүсүн -2…-7
күндүз -4…+1
Ош жана Жалал-Абад облустары
түнкүсүн -2…-7
күндүз -4…+1
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -3…-8
күндүз -2…+3
Нарын облусу
түнкүсүн -12…-17
күндүз -5 … -10.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…-9°, күндүзгү жогорку температурасы -5…-7° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз