Акылбек Жапаров комиссиянын айрым мүчөлөрүнө сөгүш берди

Акылбек Жапаров комиссиянын айрым мүчөлөрүнө сөгүш берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстан тараптан жасалган куралдуу баскынчылык актынын натыйжасында Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы бүгүнкү күндө орун алган бир катар курч маселелерди белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча 3 миң 942 жаран үйлөрүнө кайтып келе элек, тактап айтканда: 3 миң 781 жаран – башка үйлөрдө, 161 жаран кабыл алуу пунктунда жашап турат. Бул жарандар тиешелүү колдоого муктаж экенин эстен чыгарбоо керек, андыктан азыр борбордо, Чүй облусунда жана Ошто убактылуу жүргөн ар бир адам тууралуу маалыматты тактап, зарыл болгон учурда аларга жардам көрсөтүү керек. Толугу менен күйүп кеткен, оңдоого муктаж үй ээлерине 149,6 млн сом компенсация төлөп бердик. Негизги маселе – 420 үйдүн курулушу, анын ар биринин баасы 3,3 млн сомду түзөт», — деди ал.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча атайын өкүлү Кайрат Кошбаковдун маалыматына ылайык, учурда 415 объектте курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 273 объектиде — дубал тургузуу, 95 объектиде плиталар коюлуп, 36 объектиде — чатыр жабуу, ал эми 11 объектиде ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

«Бишкек шаарында 3 кабаттуу мектептер 3-4 айда курулуп бүттү. Жакында үчүнчү ай болот, ал эми үйлөр бүткөрүлө элек. Иштерди тездетүү керек», — деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Ошондой эле ал айылдарда инфраструктураны түзүү боюнча иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

«Эгерде маселе башкы планга тийиштүү болсо, анда документке тийиши бар кызматкерлерди иштен бошотуу керек. Эгерде маселе башкы планда болбосо, демек, маселе мурда берилген тапшырмалардын аткарылышында жатат. Тиешелүү органдар “уктап” жатса, министрлер Баткенге барып, жаңы жылга чейин иш алып барып, ушул маселелердин баарын чечип беришет», — деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле актуалдуу маселелердин бири катары жарандардын насыяларын кечүү арыздары боюнча иш алып баруу экенин кошумчалады. Жалпысынан 287 насыя эсептен чыгарылып, насыя алуучулардан 474 арыз келип түшкөн жана алар боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Анын айтымында, калктан насыяларды кечүү процессин тездетүү, Баткен облусунда жеңилдетилген каржылоо долбоорунун алкагында насыя берүүнүн критерийлерин жөнөкөйлөштүрүү жана узак мөөнөткө пайызсыз насыя берүү боюнча сунуштар түшүүдө.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга калыбына келтирүү иштерин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Баткен облусун калыбына келтирүү жана калкка колдоо көрсөтүү маселеси боюнча тапшырмаларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик комиссиянын айрым мүчөлөрүнө эскертүүлөр жана сөгүштөр берилди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>