Кыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары«Жалындуу чабуул» жана «Матросовдун эрдиги»: Бишкектин картасындагы эрдиктин символдору
9-майда согуштун ардагерлерине бериле турган төлөмдөр айтылды
24.04.2025 | 09:39
Эмгек министрлиги бул максатта 7,3 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.
Быйыл 468 адамга төлөмдөр берилет:
– Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына — 20,6 миң сомдон;
– Согуштун катышуучуларына, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына жана Ленинградды коргоо үчүн сыйланган адамдарга — 20,4 миң сомдон;
– Согушта курман болгон жоокерлердин жесирлерине — 15,2 миң сомдон;
– Тылда иштегендерге, СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйлангандарга — 15,1 миң сомдон.
Мындан сырткары бүгүнкү күндө 32 ардагер ай сайын 17 миң сомдон алып жатканы кошумчаланды.
Рубрики: Жаңылыктар