Эмгек министрлиги бул максатта 7,3 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.
Быйыл 468 адамга төлөмдөр берилет:
— Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына — 20,6 миң сомдон;
— Согуштун катышуучуларына, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына жана Ленинградды коргоо үчүн сыйланган адамдарга — 20,4 миң сомдон;
— Согушта курман болгон жоокерлердин жесирлерине — 15,2 миң сомдон;
— Тылда иштегендерге, СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйлангандарга — 15,1 миң сомдон.
Мындан сырткары бүгүнкү күндө 32 ардагер ай сайын 17 миң сомдон алып жатканы кошумчаланды.