Ири май куюучу жайлар боюнча сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 9-март, саат 10:40 карата АИ — 92 маркасында күйүүчү майдын баасы эч өзгөрүүсүз бойдон калды.
АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 41, 9 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда — 40, 2 сомго, суюлтулган газ — 24, 65 сомго бааланууда.
АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 41, 9 сомду, АИ-95 — 43, 5 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 48, 9 сом менен жана Bishkek Petroleum 49, 9 сом менен сунуштоодо.
Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 39, 9 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:
— Bishkek Petroleum — 23,9 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
— «Газпром нефть» — 25, 4 сом менен (Бишкектеги үч май куюучу жай).
Булак: Акчабар