Бишкек абанын булганышы боюнча 23-орунда туратКыргызстан аймакта эттин баасы эң төмөн өлкөлөрдүн катарына кирдиКазармандагы мектептерге террордук кол салуу болору тууралуу билдирүүлөрдү тараткан. УКМК мектеп окуучусун кармадыЖогорку Кеңештин Төрагасы жана Жапониянын элчиси инфраструктуралык долбоорлорду кеңейтүү маселесин талкуулаштыКыргызстанда кайрадан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү сунушталуудаКайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды
Орусияда кыргыз жаранын башка атып кетти
28.09.2021 | 18:47
Анын баш мээсинен жаракат алганы аныкталган. Бул окуя боюнча Красносельск районунун полициясы кылмыш ишин козгогон. Учурда эки өлкөнүн милиция кызматкерлери бул иш боюнча тергөө иштерин баштады. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал Ош облусунун Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган А.З. аттуу тургуну болгон. Октон жаракат алып, “Тез жардам” кызматы шаардагы ооруканалардын бирине жеткирген.
Учурда абалы оор болгондугуна байланыштуу элчиликтин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүн киргизбей жатканын айтат министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом