Erasmus+ программасы жана КРда билим берүүнү модернизациялоо: Европарламенттин делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгыДепутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары болуп шайландыКытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан коридору боюнча биринчи жүк ташуучу поезд жолго чыктыБишкек мэри ЦУМдун жанындагы курулушту буздурууну, ал эми Old Bishkek долбоорун токтотууну тапшырдыЕЭК антимонополдук көзөмөлгө жасалма интеллектти киргизүүнү пландаштыруудаБШК мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун депутаттык мандатынан ажыратты
Жаныбек менен москвалык Асинин сүйүүсү киного айланды (ВИДЕО)
01.10.2021 | 09:55
Бул “Көрүшкөнчө” кыска метраждуу документалдуу фильмди орус музыканты жана сценаристи Василий Зоркий тарткан. 23 мүнөттүк кинодо, алардын сүйүүсү баяндалат. Бул “Медуза” сайтына жарыяланды.
Ал сайттагы маалыматтарга караганда, Жаныбекти сүйүп калган москвалык кыз Кыргызстанга чейин келген. Жаныбек такси айдоочусу болуп иштеген. Орус кызы Аси менен эки жыл жашап жүрүп Жаныбек Кыргызстанга келип, ар кандай айыптардан улам чек арадан өтө албай калат. Эки жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынат. Ошол себептен Аси Кыргызстанга келет. Кыргызстандын тоолоруна суктанат, көп жакшы жерлерибизди көрөт.
Экөөнүн сүйүүсү клипке жана документалдуу фильмге айланат. Бул фильм чыныгы жашоодон алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар