Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды
Энергетика министрлиги: Ооруканаларда жарык өчүрүлбөйт
01.10.2021 | 16:09
Медициналык мекемелердин жандандыруу, хирургия бөлүмү сындуу биринчи категорияга кирген объектилерге электр жарыгы үзгүлтүксүз берилет. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, аларды электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу өзгөчө көзөмөлгө алынган.
“Медициналык мекемелердин трансформаторуна чейин электр энергиясын жеткирүү Энергетика жана өнөр жай министрлигинин милдети. Ал эми ал жайлардагы трансформатордун иштеши жана кошумча генератор менен камсыз кылуу мекеменин администрациясынын жоопкерчилигинде”, – деп айтылат маалыматта.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу колдонууга жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом