Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Патент менен иштегендер бюджетти 1,7 млрдга толтурду
04.10.2021 | 14:56
Ушул жылдын тогуз айында патент менен иштегендер Кыргызстандын бюджетин 1 миллиард 752 миллион 477,6 миң сомго толтурганын Экономика жана каржы министрлиги билдирди.
Белгилүү болгондой, каражаттардын көбү ыктыярдуу патенттин негизинде салык аркылуу казынага түштү – 1 миллиард 547 миллион 128,8 миң сом, калган сумма милдеттүү патенттердин эсебинен болду.
2020-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу патенттин негизинде салыктын өсүшү 24,6%ды түздү.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика