Бүгүн түндө Бишкекте жылуулук берилип баштайт

Бүгүн түндө Бишкекте жылуулук берилип баштайт

Бишкекте 2021-2022-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп, анда жылытуу мезгилинин башталыш мөөнөтү талкууланды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэр Айбек Жунушалиев кол койгон буйрукка ылайык, борбордо жылытуу мезгили 5 -октябрда түн ортосунда башталат.

«Объекттерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Экинчиден — мурда колдонулган жылуулук энергиясына карызы жок турак жай имараттарына, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет», — деп белгилешти муниципалитеттен.

Мэрия жарандарды үйлөрүндөгү батареялардагы абаны чыгарууну суранды. Бул чара батирлерге жылуулуктун агымын тездетет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>