Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу жана таштандыларды башкаруу боюнча жаңы чаралар бекитилдиКыргызстанда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөтАнтимонополиялык жөнгө салуу кызматынын жетекчиси алмаштыМандатын тапшырган Сулаймановдун ордуна Азизбек Абдуллаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди2025-жылы Ош шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 6,6 млрд сом бөлүнгөнМСК: Мамлекеттик кызматкерлер жана уюмдар салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырышы керек
Сарыбашов уулун үйлөнттү. Тойго Ташиев, Матраимов барды (ВИДЕО)
11.10.2021 | 17:13
Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов 9-октябрда уулу Нурсултан Насирбековду үйлөнтүп, Бишкек шаарында чоң той берди. Маалыматты «Клоопко» Сарыбашовдун мурдагы кеңешчиси Азамат Абсаттаров тастыктаган.
Басылманын маалыматы боюнча, Оштогу жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Нурсултан Шакир уулу инстаграм баракчасындагы сторисине тойдон видео жүктөдү. Андан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевдин куттуктоосунан үзүндү көрүүгө болот.
Ташиев менен кошо сахнада Райымбек Матраимов, экс-спикер Ахматбек Келдибеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, депутат Улан Примов жана депутат Азамат Арапбаев да турган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат