Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Бажы кызматкерлери 1,8 млн сомдук аткезчилик жүктү кармашты
13.10.2021 | 10:18
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчиликти токтотту, кармалган товардын баасы 1,8 миллион сомду түздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тактап айтканда, Ош облусу боюнча ыкчам бажы кызматкерлери Кыргызстандын жараны башкарган Мерседес-Бенц унаасын токтотушкан. Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 12 миң 242 кг курулуш техникасынын ассортименти табылган.
Жалпы баасы 1,8 миллион сомдук товар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен кошуна мамлекеттен алынып келинген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом