Кыргызстан 2030-жылга чейин ЕАЭБдеги интеграциянын артыкчылыктуу багыттарын аныктадыТүркияда Чыңгыз Айтматовдун урматына арналган эскерүү иш-чаралары өттүКыргыз-гана кызматташтыгы жолго коюлууда: Гананын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келдиЖК комитети кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алдыОшто далилдерди бурмалоого шектелип, милиция кызматкерлери кармалдыСалык кызматы турак эмес мүлккө салык төлөөнүн мөөнөттөрүн эскертти
АКШнын мурдагы башчысы Билл Клинтон ооруканага түштү
15.10.2021 | 10:36
АКШнын экс-президенти Билл Клинтон жугуштуу илдетке чалдыгып бейтапканага түштү. Бирок, ал коронавируска тиешеси жок. Бул маалыматты CNN телеканалы айтып чыккан.
Маалыматка караганда, 75 жаштагы экс-башчыны Акүйдөн Калифорниядагы Ирвин университетинин медициналык борборуна алып барышты.
Клинтондун расмий өкүлү Анхел Урен дарыларнып жатканын, учурда абалы турукташып калганын билдирген.
Билл Клинтон Американы 1993-жылдан 2001-жылга чейин башкарган. Анын президент кезинде жүрөгү ооруганы белгилүү болгон. Бирок, кийинчерээк андан сакайганы кабарланган болчу.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар