Аралаш никеде төрөлгөн балдар Орусиянын жарандыгын алышат

16.10.2021 | 10:20

Аралаш никеде төрөлгөн балдар автоматтык түрдө Орусиянын жарандыгын алышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

“Биз аралаш үй -бүлө жашаган жерде, ал автоматтык түрдө Орусиянын жарандыгын алууга милдеттүү экенине ишенебиз”, – деди Лавров ТАСС агенттигине шилтеме кылып.

Министр бул демилге мыйзам деңгээлинде ишке ашырыларын кошумчалады.

Учурда аралаш никеде төрөлгөн балдар Россия Федерациясынын аймагында төрөлгөн шартта Орусиянын жарандыгын алышат.

Scroll to Top