Ырчы Мирбек Атабековго Эл артисти наамы ыйгарылдыФиннадзор кумар оюндарын бөгөттөө үчүн интернет-трафикти көзөмөлдөөнү сунуштадыБишкекте мыйзам талаптарын бузган курулуш объектилерине 1 млн сом айып салындыБишкекте кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган концерт өтөтКапитан Пикар менен профессор Ксавьердин ролдорун аткарган Патрик Стюарт көз жумдуДмитрий Бивол «Айтматов» тасмасында аны баарынан эмне таасирленткенин айтып берди
Окуучуларды китеп менен камсыз кылууга 32,7 млн сом жумшалат
16.10.2021 | 11:40
Билим берүү жана илим министрлиги кыргыз жана орус тилдеринде билим берген мектептердин 5-6-класстарынын окуучулары үчүн окуу китептерин кайра чыгаруу боюнча кызматтарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.
Жалпысынан бул максаттарга республикалык бюджеттен 32 млн 768,5 миң сом бөлүү пландалууда. Ага биология, орус тили, адабияты, кыргыз адабияты жана тарых боюнча дээрлик 172 миң окуу китеп чыгарылат.
Бардык окуу китептери декабрдын ортосуна чейин чыгарылып, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилиши керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика