Саясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
Бензиндин баасы кайсы өлкөдө эң арзан?
19.10.2021 | 12:16
Globalpetrolprices порталындагы бензиндин дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан бир литр бензиндин баасы 0,73 доллар менен 27-орунга көтөрүлдү.
Кыргызстан Орусиядан (0,69 доллар) бир позиция артта калды. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан биринчи орунду ($ 0,46), дүйнөлүк рейтингде 9-орунду ээледи. Беларусь болсо (0,84 доллар) 35-орунда.
Арзан баадагы бензин рейтингинде биринчи орунду Венесуэла (0,04 доллар), Иран (0,06 доллар) менен Сирия (0,23 доллар) ээлейт.
Эң кымбат бензин Норвегияда (2,17 доллар), Нидерландияда (2,18 доллар) жана Гонконгдо (2,6 доллар) сатылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика