Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кетти
18.02.2026 | 21:10
Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Ал кызматын өз каалоосу менен тапшырды. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына Токторбаев өзү тастыктады.
Жеңишбек Токторбаев Ош шаардык мэриясын 2025-жылдын 23-январынан бери жетектеп келген. Муниципалдык кызматка дайындалганга чейин ал Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан депутаты болгон.
Учурда шаар башчылыгына ким келери тууралуу расмий маалымат бериле элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Ош