Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
“Империя пиццы”: Жапырт уулануунун себеби такталды
01.11.2021 | 13:01
“Империя пиццы” кафелер тармагынан уулануу себебин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тактап чыкты. Бул туурасында аталган кызмат билдирди.
Маалыматка караганда, жапырт ууланууга эскирип кеткен балык себеп болгон. Ушул тапта мамлекеттик кызмат балык саткан жайлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган. Бишкектеги балык тамактарын жасаган япон ашканасы да иштебей турат.
Аталган кафелер тармагынан уулангандардын саны 318 кишиге жеткен. Бардык түйүндөрү жабылган. Муну менен катар тамактануучу жайлардын бардыгы текшерүүдөн өтөөрү айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом