Ушул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайы
Унаа салыгын өз убагында төлөбөгөндөргө айып пул салынды
19.11.2021 | 12:17
Ушул жылдын 2-сентябрынан 10-ноябрына чейин Салык кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 1418 рейд өткөрдү.
Рейддердин жүрүшүндө 28 миң унаа текшерилди. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мыйзамда белгиленген мөөнөттө салыкты төлөбөгөндүгү үчүн 739 миң сомго 739 административдик айып салынган.
“Быйылкы жылы транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда бүттү. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн мыйзамдарга ылайык 1 миң сом административдик айып каралган. Мындан тышкары, салыкты төлөө мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн үчүн айып пул алынат”, – деп түшүндүрдү Мамлекеттик салык кызматы.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика