Камчыбек Ташиев Баетов айылында спорт комплекси жана маданият борборунун курулушуна капсула салдыЧек арада стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулдуКыргызстанда тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган жаңы эл аралык долбоор ишке кирүүдөӨКМ: Өрт коопсуздугу ар бир жарандын жоопкерчилигиндеАКШ Орусиянын эки ири мунай ишканасын санкциялык тизмеге киргиздиӨлкөдө күйүүчү майдын запасы айдын аягына чейин жетет, баа 15%га чейин кымбатташы мүмкүн
Сот Октябрь райондук милициясынын башчысынын орун басарын бошотту
22.11.2021 | 11:43
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20-ноябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Бегайым Тураповага карата баш коргоо чарасын тандады.
Райондук соттун чечими боюнча ал 2022-жылдын 18-январына чейин үй камагына чыгарылды.
Турапова кыйноо, пара талап кылуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айыпталып кармалганын Башкы прокуратура билдирген. Буга чейин бул иш боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Талгат Кубатбеков жана тергөөчүлөр кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар