Ош облусунда вируссуз көчөттөрдү өстүрүү үчүн in vitro лабораториясы курулатБишкектин Селекция айылында 20-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтКыргызстандын футбол курамасы Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңдиОрусияда COVID-19дун ар кандай штаммдарынан коргоочу вакциналар иштелип чыктыЧүйдө киши көчөдөгү адамдарды аткан: эки бала жарадар болду18-ноябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу
Сот Октябрь райондук милициясынын башчысынын орун басарын бошотту
22.11.2021 | 11:43
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20-ноябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Бегайым Тураповага карата баш коргоо чарасын тандады.
Райондук соттун чечими боюнча ал 2022-жылдын 18-январына чейин үй камагына чыгарылды.
Турапова кыйноо, пара талап кылуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айыпталып кармалганын Башкы прокуратура билдирген. Буга чейин бул иш боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Талгат Кубатбеков жана тергөөчүлөр кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар