Кыргызстандын ИДПсы 8 айда 1 триллион сомдон ашты – КасымалиевӨкмөттө «Текстиль Транс» ишканасын жана өлкөнүн текстиль тармагын өнүктүрүү маселелери каралдыБишкекте 700 SIM-карта менен кибер алдамчылыкка шектелген жигит кармалдыСалык кызматы: Кант кошулган суусундуктар онкологиялык оору чакыратБыйыл Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасы 3,2%га өстүАлматы – Каракол багытында жаңы аба каттам ачылат
Мээрим Жуманазарова Орусиянын спортчусун жеңди
04.12.2021 | 08:34
Кыргызстандын балбан кызы Мээрим Жуманазарова “Москва гран-приси – Алроса Кубогу” мелдешинде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мээрим Жуманазарова орусиялык балбан кыз Ханум Велиева менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңишти камсыздады. Башка мелдештерден айырмаланып бул турнирде спортчулар бир гана жолу беттеш өткөрөт жана жеңишке жеткени “Москва гран-приси – Алроса Кубогу” мелдешинин чемпиону болот.
Валиева өзү дуэль өткөрүүнү сунуштаган.
Спортчулар буга чейин Ослодо өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалында беттешкен. Анда Мээрим Жуманазарова Валиеваны жеңген, бирок Орусиянын Күрөш федерациясы эсеп туура эмес болуп калганын айтып, Жуманазарованын жеңишин жокко чыгарууга аракет кылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт