Мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуАуэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?
Чүй: Көл-Төр көлүнө бара жаткан турист жолдон каза болду
05.12.2021 | 09:42
Түштүк Кореядан келген турист Чүй облусунун Көл-Төр көлүнө бара жаткан жолдо каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары адамдын сөөгүн жерге түшүрүштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 4-декабрда саат 13:22 чамасында туристтер тобу Чүй облусунун Кегетин капчыгайынын тоолорунда жайгашкан Көл-Төр көлүнө жөнөп кетишкен. Каза болгон жаран 1951-жылы туулган Л.Ж. (Түштүк Кореянын жараны) белгисиз себептерден улам эсин жоготкон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына кабарлашты.
Окуя болгон жерге №21 ӨКМнин 4 куткаруучусу барышкан. Токмок шаарынын куткаруучулары жарандын жансыз денесин тоодон түшүрүп, Ички иштер министрлигине өткөрүп беришкен.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом