Жапаров электромобилдердин бирин сынап көрдү — сүрөт

Жапаров электромобилдердин бирин сынап көрдү — сүрөт

Министрлер кабинети республикада электромобилдердин үлүшүн бир кыйла жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнү максат кылып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров электромобилдерди жеткирүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

«Борбордо электробустарды чыгарууну көздөп жатабыз. Биз үчүн өлкөдө электр транспортун көбөйтүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү артыкчылыктуу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоорунда жакынкы 3-5 жыл аралыгында электромобилдерди импорттоодо КНСтен бошотуу каралышы керек. Биз жашыл экономикага бара жатабыз», — деди ал.

Акылбек Жапаров электромобилдердин ар кандай үлгүлөрүн карап чыгып, алардын бирин сынап көрдү.

Жыйындын жүрүшүндө лизингге электромобилдерди берүү механизмдери, ошондой эле Президенттин Аппаратынын мүлкүн башкаруу башкармалыгынын автопарктарын экологиялык транспорттук түргө кайра жабдуу мүмкүнчүлүгү да талкууланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>