Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Мандат талашы. Сот Жанар Акаевдин пайдасына чечим чыгарды
22.12.2021 | 09:00
Бишкек шаарынын административдик сотунда “Альянс” партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы арызы каралып, аны канааттандырды.
Жогорку соттун басма сөз кызматы “Альянстын” доо арызы канааттандырылып, БШКнын тиешелүү токтому мыйзамсыз деген негизде жокко чыгарылганын ырастады. БШК чечим тууралуу комментарий бере элек.
Боршайком 15-декабрда партиялык тизмедеги аялдардын квотасы боюнча жобого өзгөртүү киргизген. Натыйжада парламенттик шайлоого «Альянс» партиясынан катышкан талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчага мандат бериле турган болгон. Бул боюнча Жанар Акаев Бишкек шаардык административдик сотуна даттанган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат