Кытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулат
Ош: Өзгөндө жол кырсыгынан 17 жаштагы жаран көз жумду
25.12.2021 | 14:24
Өзгөндө жол кырсыгынан бир киши көз жумду. Бул туурасында жергиликтүү жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-декабрда саат 02:50 чамасында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө Дөң-Булак айылынын 16 жаштагы тургуну «Хонда Жаз» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, рулду башкара албай, жолдун четиндеги электр мамысын сүзгөн. Мындан улам унаанын ичиндеги Дөң-Булак айылынын тургуну, жүргүнчү 17 жаштагы жаран оор жарааттан улам окуя болгон жерде каза тапкан. Ал эми унаанын айдоочусу менен дагы бир 15 жаштагы дагы бир жүргүнчү ар кандай жараат алып, Өзгөн районунун ооруканасына кайрылышкан.
Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар