Быйыл Кыргызстанда 3 тонна 605 кг. баңгизат табылды
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тонна 605 кг 059 гр баңгизаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.
Анын ичинен апийим – 20 кг 036 гр, героин – 6 кг 131 гр, гашиш – 217 кг 135 гр, марихуана – 290 кг 556 гр, кара куурай -326 кг 982 гр, прекурсорлор – 2 тонна 469 кг 460 гр., психотроптук заттар – 11 кг 055 гр., фармацептикалык дарылар – 21 гр, апийимдин магы – 66 гр., башка баңгизаттар – 236 кг 506 гр.
2021-жылдын 11 ай ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген 13 чет мамлекеттик жарандар кармалып (Тажикстан, Өзбекстан – 4, Орусия-3, Пакистан – 1, АКШ -1), алардан жалпы 670 кг ар кандай баңгизаттар аныкталып, алынган.
Башкы прокуратуранын расмий маалыматтары боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө 1206 кылмыш жана жорук катталган.