Борбор калаада Жаңы жыл түнү кылмыштар катталган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы жылдык майрамдык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан Ала-Тоо аянтынан 41 бала табылып, анын ичинен 39 бала ата-энелерине жана алардын ордуна келгендерге аман-эсен берилди. Ал 2 бала ИИМдин КЖКга жеткирилген.