Өлкөдө күн ачык болот: 6-ноябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөт
Айзада Канатбекованын апасы зомбулукка каршы фонд ачат. Кененирээк
01.01.2022 | 17:56
Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын апасы зордук-зомбулукка каршы күрөшүү үчүн фонд ачат. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.
Анын айтымында, фонд зомбулукка кабылган кыздарга жардам берет. Андыктан Айзада Канатбекованын апасы Нургүл кыздын өлүмүнө милициянын шалаакылыгы боюнча тергөө бүтүшүн каалайт.
Жактоочу “Айзада” фондуна тажрыйбалуу иликтөөчү журналисттер тартыларын баса белгиледи.
Эске сала кетсек, Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланып, эки күндөн кийин ал жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси табылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом