Транспорт министрлиги айдоочуларды дөңгөлөктөрдү алмаштырууга чакыратЕвропа биримдиги Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорун каржылоо үчүн 2,4 млрд доллар бөлөтКел-Суу көлүндө заманбап туристтик шаарча пайда болотЧет өлкөдөгү кыргызстандыктар парламенттик шайлоодо кантип добуш бере алат?Бишкекте логистикалык, транспорттук жабдуулардын эл аралык көргөзмөсү өтөтМындан ары курулуш объектилеринде “Бирдиктүү паспорт” илиниши милдеттүү
Казакстандагы кырдаалда теңгенин куну түштү
06.01.2022 | 12:54
Соңку күндөрү теңгенин курсу сомго карата арзандап кетти. Бул туурасында Valuta.kg порталы маалымдайт.
Салыштыруу үчүн 31-декабрдан 6-январга чейинки (1-январдыкы кошулган жок, ал күнкү маалымат жазылган эмес) статистиканы карадык.
Анда теңгени сатуу баасы анчалык өзгөргөн эмес (0,2 сомдон 0,195 сомго чейин). Ал эми 4-январдан тарта сатып алуу курсу арзандай баштап, 0,175 сомго чейин түшкөн.
Бул маалыматтар бир күнгө алынган орточо курс. Эгер валюта рыногундагы соңку кырдаалды карай турган болсок (саат 10:40 — 10:45), курс төмөндөгүдөй:
Сатып алуу — 0,15тен 0,19 сомго чейин;
Сатуу — 0,192ден 0,2 сомго чейин.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар