27-декабрга карата аба ырайыТүштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөтКыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскардыБишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келинди
Казакстан: Кыргыз жаранынын эки буту менен кабыргасы сынган (видео)
19.01.2022 | 18:18
Буга чейин Казакстанда жоголуп кеткен кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков ооруканадан табылды. Анын эки буту жана кабыргасы сынган. Ага тез арада операция керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Акипресс агенттигине билдирген.
Белгилүү болгондой, кыргызстандык жабырлануучу 9-январга караган түнү Алматы-Бишкек жолунда аскер кызматкерлери тарабынан кармалып, андан соң милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Алар аны сабап, ооруканага алып барышкан, бүгүн Башкы консулдук аны Алатау аймагындагы ооруканадан тапкан.
Эртең консулдук Кыргыз жаранын мекенине жеткирүү боюнча даярданып жатканын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар