Депутат: “Омикрон” штаммы сиздер менен акылдашып турса, келтирбей эле койбосуңарбы

Депутат: “Омикрон” штаммы сиздер менен акылдашып турса, келтирбей эле койбосуңарбы

Эки ай мурун “Омикрон” штаммы келет деп айттыңыз эле? Эми бүгүн кайрадан марттын ортолорунда кетет деп жатасыз…  Мен таң калып атам, ырас, бул- эстүү омикрон штаммы, коронавирустар сиздер менен акылдашып келе турган болсо, анда биротоло эле сүйлөшүп койбойсузбу элди кыжаалат кылбай, биртоло тез эле кетип калсын! Анын келишин, кетишин күтүп отургандан көрө… Бул суроону  Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова парламенттик жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго берди.

Ал эми Байсалов анализдердин жыйынтыгы менен чечимдерге келип жатканына токтолду.

Жарым-жартылай тамашага кылып, олутту суроо берип жатасыз. Албетте, бизде маалыматтар бар. Омикрон каякка , кантип жайылып жатат деп, атайын тренддерди көрүп турабыз. Биз, албетте, кандай гана чара көрбөйлү, кандай гана чек араларыбызга ПЦР тесттерди киргизбейли, кандай гана этият кылбайлы, келээрин билгенбиз. Март айында оору басаңдайт дегенибиз, бул илдет тез жайылып, тез айыгат экен. Балким, февралдын ортосунда деле ооруу басаңдап калышы мүмкүн” – деп жооп кайтарды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>