Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Жаштыр сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссия ушул жылдын 8-ноябрына чейинки мөөнөттө талапкерлерге сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алышы зарыл.
Эске салсак, Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген.
Сыйлыктын негизги максаты республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчилдик маанайында жаштарды тарбиялоочу чыгармаларды түзүүгө жана демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармаларды жаратууга, салттуу, адеп-ахлактык-маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, жаш муундарды гуманизм жана рухий-дене бой жактан тарбиялоо принцибин бекемдөөгө тартуу болуп эсептелет.
Сыйлык 11 номинация боюнча эки жылда бир жолу ыйгарылат.