Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Өзбекстанда электр энергиясы менен камсыздоо толук калыбына келтирилди
28.01.2022 | 14:24
Өзбекстандын Энергетика министрлиги 27-январь күнү кечке карата өлкөнүн бардык аймактарын электр энергиясы менен камсыздоо толук калыбына келтирилгенин билдирди.
Расмий маалыматтарга караганда, Туракурган ЖЭБинен башка өлкөдөгү бардык электр станциялар кадимки режимде иштеп жатат.
“Маал-маалы менен өчүрүү болбошу үчүн жарандарды өзгөчө зарылчылык жок учурларда кошумча электр жылыткычтарды күйгүзбөөгө чакырабыз”, — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Мекеме 27-январга карата өлкөнү газ менен камсыз кылуу да толук калыбына келтирилгенин кошумчалады.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар