Олимп оюну: Спортчу Максим Гордеевге кыргыз туусу тапшырылды

Олимп оюну: Спортчу Максим Гордеевге кыргыз туусу тапшырылды

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Бээжиндеги кышкы Олим оюндарына катышуучу спортчу Максим Гордеевге өлкөнүн туусун тапшырды. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 28-январда, Садыр Жапаровдун атынан спортчу Максим Гордеевди алдыда Бээжинде өтүүчү кышкы Олимп оюндарына катышуусу менен куттуктап, жылуу саламын жолдоду.

“Сиздер Кыргыз мамлекетинин туусун бийик көтөрүп, ийгилигиңиздер жалпы Кыргызстан элинин улуу жеңиши болот деп ишенебиз. Биз сиздин спорттук жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Президент Садыр Жапаров сиз кандай татаал жолду басып өтөрүңүздү билет жана чын жүрөктөн ийгиликке үмүттөнөт”, — деди Касмамбетов.

Мамлекеттик катчы спортчунун машыктыруучусуна эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн татыктуу спортчуларын тарбиялоодогу аракетин белгиледи.

Өз кезегинде лыжачынын жеке жана башкы машыктыруучусу Игорь Борисов үмүтүн актап, Олимпиада оюндарында Кыргызстанды татыктуу көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын баса белгиледи.

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов белгилегендей, алар өз кезегинде спортчу эч нерсеге муктаж болбой, бул оюндарга толук даярдык көрүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп беришти. УОК тоо лыжачысы Максим Гордеев өзүнүн эң мыкты спорттук жыйынтыгын көрсөтөт деп үмүттөнөт.

 “Кыргызстан тоолуу өлкө жана бизде кышкы спортту өнүктүрүү үчүн бай потенциал бар. Мен жакынкы аралыкта Кышкы спорт борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап, стратегияны иштеп чыгууну жана бул үчүн инвесторлорду издөөнү баштоону, ошондой эле туристтерди тартуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө басым жасоону сунуштайм”, — деди ал.

Жолугушуу соңунда Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов спортчу Максим Гордеевге Кыргыз Республикасынын туусун тапшырып, дагы бир жолу спортчуга ийгилик жана жаңы жеңиштерди каалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>