Баткенде эки бөлмөлүү үй толугу менен күйүп кетти

31.01.2022 | 10:55

Баткенде эки бөлмөлүү турак үй толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Таңкы саат 05:41деги маалыматта Сүлүктү шаарында турак үй күйүп жаткандыгы айтылган. №52 ӨККБнөн 1 бөлүм саат 06:00дө өрт болгон жерге жетип, 06:22де өрттү толук өчүрүшкөн. Ага кошумча Сүлүктү шаарындагы 1-ӨМТККВнан 4 куткаруучу тартылып, үй эмеректери сыртка чыгарылган.

Материалдык чыгым: 2 бөлмөлүү турак үй толугу менен күйүп кеткен.

Өрттүн жалпы аянты 18 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Scroll to Top