ФИФА рейтинги: Кыргызстан позициясын жакшыртты21-октябрга карата аба ырайы: Жаан-чачын күтүлбөйтБишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышууда21-октябрда Бишкектин айрым райондорунда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. ТизмеБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалды
Кайра шайлоо: БШК бүгүнкү күнгө карата расмий 38 талапкерди каттады
01.02.2022 | 14:16
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов округдары боюнча Жогоргу Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 38 талапкерди расмий каттады.
Анын ичинен 17 талапкер Биринчи Май районунан, 21 адам Свердлов районунан талапкерлик күбөлүгүн алганы такталды.
7-февралга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди катташы керек. Үгүт иштери 7-февралда башталып, 26-февралда саат 8.00дө аяктайт. Кайталап шайлоо 27-февралда өтөт.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча “баарына каршы” графа алдыга чыккан. Ошол себептен кайра шайлоо дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат