Жогорку Соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун талапкерлиги сунушталды. Бул туурасында парламенттин тиешелүү комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Анын талапкерлиги боюнча президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.
Жыйынтыгында аталган комитет Базарбековдун талапкерлиги колдоо тапты.
Буга чейин бул кызматтыНургүл Бакиров аркалап келген. Ал өз ыктыяры менен кызматынан кеткен болчу.