Жайылда 35 тонна дизелдик май ташыган бензовоз кырсыкка кабылып, Кара-Балта дарыясын булгадыАдылбек Касымалиев Минск шаарында «Иннопром. Беларусь» көргөзмөсүнө катыштыСоциалдык келишим 300 миң сомго чейин: Кыргызстанда жакырчылыкты кыскартуу программасы иштелип чыктыЖаратылыш ресурстары министрлиги мергендерге аңчылык эрежелерин эскертти«Кыргызфильм» балдарга арналган мультфильмдердин долбоорлоруна сынак жарыяладыЖасалма интеллект жана киберкоопсуздук: Кыргызстанда ЖОЖдордун адистиктеринин тизмеси жаңыланат
Кайра шайлоо. Добуш берүү тизмелери мөөнөтүнөн мурда 18-февралга чейин түзүлөт
02.02.2022 | 12:49
Мөөнөтүнөн мурда добуш бере турган шайлоочулардын тизмелери шайлоого 9 күн калганда түзүлөт. Бул тууралуу Боршайкомдон кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, ага ооруканалардагы бейтаптар, шектүү жана айыпкер катары камакта жаткандар, үзгүлтүксүз иштөө цикли бар ишканалардын кызматкерлери кирет. Ошондой эле аскерге чакырылгандар, аскер бөлүктөрүндө жашагандар.
Тизме 18-февралдан кечиктирилбестен даярдалат.
Ал эми шайлоо 27-февралда болот.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра өткөрүлөт. Анткени эки райондо өткөн жылдын 28-ноябрында болгон парламенттик шайлоодо “баарына каршы” графа алдыга чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат