«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Кыргызстандык жаш баласы менен келин Украинадан Польшага жетти
02.03.2022 | 12:26
Кыргызстандык жаш баласы менен келин Украинадан Польшага жетти. Бул туурасында Кыргызстандын Украиндагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармакка жазып чыкты.
“Дагы бир жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келет. Мен Днепр дарыясынын (Борисполь) чыгыш жээгинен 3 күндөн бери жете албаган жаш балалуу аялды эвакуациялоого мүмкүн болду. Ал азыр Польшага аман-эсен жетти.
Ошондой эле кечээ кагылышуу болгон Ирпин шаарынан 10 адамдан турган 2 үй-бүлө жаш балдары менен чыгып кеткен. Аларга борборго барууга украиналык аскер кызматкерлери жардам беришкен. Учурда алар коопсуз аймакта.
Кыргызстандын элине ар кандай жардамды аябастан көрсөтүп жаткан Украинанын жарандарына ыраазычылык билдиргим келет” – деди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар