«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Адахан Мадумаровдун кол тийбестигин парламент жабык кароодо
09.03.2022 | 18:08
Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаров боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын кортундусун жабык карайт. Мындай чечимди депутаттар кабыл алышты.
Жогорку Кеңешке Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровго кылмыш ишин козгоого уруксаат сурап кайрылган. Ал үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.
Бүгүн, 9-март күнү депутаттык комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев депутаттык комиссия Мадумаровго кылмыш козгоого уруксаат бербөө чечимин кабыл алганын билдирип чыккан болчу.
Башкы прокуратура февралда Мадумаровго карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козгогону белгилүү болгон. Кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин “Мамлекетке чыккынчылык” беренесинен “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өткөрткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат