Улуттук Банктын өкүлү депутаттан жеме укту (ВИДЕО)

Улуттук Банктын өкүлү депутаттан жеме укту (ВИДЕО)

Улуттук Банкты төрага орун басары Манас Жакыпов маалыматына канааттанбаган Жогорку Кеңештин депутаты Кундуз Сулайманов өз ишин билбеген кызматкерлерди иш алууну, президентке жана Министрлер кабинетинин төрагасына сунуштоо керектигин билдирди.

Өзү иштеп жаткан иши жөнүндө айтып бере албаган кызматкерлерди кармап отургандан пайда жок. Жакшы кызматкер өз ишин кандай болгон учурда да айтып бере алат. Биз ЖОЖдо окуп жүргөндө кээ бир билбеген сабактарды ушинтип окуп берип койчубуз. Эптеп окуп кутулуп кетсем болду деген мамиле болуп жатат. Мындайларды президентке, министрлер кабинетине айтып, фракциянын атынан сунуш беришибиз керек. Аларга булардын кандай иштеп жатканы боюнча туура маалымат жетпей, ошол себептен жүрүшөт”— деди депутат.

Улуттук Банктын төрага орун басары Манас Жакыпов депутаттын суроосуна жооп берип жатып айлыгы 108 миң сом экенин, салыктарын эсепке алган 87 мин сом таза алаарын билдирди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>