Айыл чарба министрлиги жергиликтүү тоюттан балык кырылды деген маалыматты четке кактыКыргызстанда бир күндүк жалданма жумушчулар салык төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн2026-жылы КР мамлекеттик бюджетинен контрацептивдерге 12,5 млн сом бөлүндүБишкектеги таштанды полигонунда өрт чыкты: мэрия өрт атайылап коюлушу мүмкүн экенин билдирдиКыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөтКубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болду
Орозо айт: 20-мартта кыргызстандыктар эс алышат
12.03.2026 | 11:32

Эмгек кодексине ылайык, 20-марттагы Орозо айт майрамы күн иш эмес болуп эсептелет. Ал эми майрамдын алдындагы жумуш күнү бир саатка кыскартылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Ошондой эле 21-март – Нооруз майрамы ишемби күнгө туура келет. Эмгек кодексинин жаңы ченемдерине ылайык, эгер майрам күнү дем алыш күндөрүнө туура келсе, эс алуу күнүн башка күнгө жылдыруу тартиби колдонулбайт.
Министрлик иши токтотулбай турган уюмдарда кызматкерлерди майрам күндөрү жумушка тартуу эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жүргүзүлүшү керектигин эскертет. Иш берүүчүлөр иш убактысын уюштурууда мыйзам талаптарын сактоого милдеттүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом