Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына митинг кылууга тыюу салынды

14.03.2022 | 15:39

Бишкек шаарынын бир катар жерлеринде митинге кылууга тыюу салынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотун чыгарганын мекемеден билдиришти.

Ал чечимге ылайык, жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдарга 11-марттан 11-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралардан сырткары митинг-акцияларды уюштурууга тыюу салды:

-Бишкек шаарынын Манас көчөсүнүн №55 дарегинде жайгашкан Орусиянын элчилигинин имаратынын алдында,

-борбодук Ала-Тоо аянтында,

Жогорку Кенештин жана Президенттик аппараттын имаратынын алдында жарандар, өкмөттүк эмес уюмдар митинг-акцияларды өткөрө албайт.

Митинг-пикеттерди  Бишкек шаарынын Максим Горький атындагы скверге өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

 

Scroll to Top