Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Казакстанда футзал мелдешинен кийинки жапырт мушташ боюнча кылмыш иши козголду
23.03.2022 | 14:37
Темиртау шаарында футзал боюнча турнирден кийинки жапырт мушташ боюнча кылмыш иши козголду. Уруштун бардык катышуучулары полиция бөлүмүнө жеткирилди.
Караганды облусунун полиция департаментинин маалымат кызматы билдиргендей, футзал мелдеши Нооруз майрамына карата уюштурулган.
Оюн учурунда эки команданын спортчуларынын бири эрежени бузуп, атаандаш топтун оюнчусун түртүп жиберген. Мындан соң жаңжал тутанган.
Полициячылар кылмыш ишин “Топ киши жасаган бейбаштык” беренеси боюнча каттоого алышкан. Мушташтын эки катышуучсуна соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө уланууда.
Полиция оюндун уюштуруучулары ким экенин айткан жок.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар