Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Интергельпо көчөсүн оңдоо иштерине байланыштуу троллейбустардын каттамы өзгөрөт
14.04.2022 | 11:21
Интергельпо көчөсүн оңдоо иштерине байланыштуу троллейбустардын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, No10 жана No2 троллейбус каттамдардын схемасы Интергельпо көчөсүн реконструкциялоону бүткөнгө чейин троллейбустар Фучик көчөсү менен жүрөт.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамдарды алдын-ала пландаштырууну эскертет.
Эске салсак, 17-апрелден тарта Интергельпо көчөсү оңдоо үчүн жабылат. Тактап айтканда, Кеңсуу көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгүнөн өтүүгө болбойт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом