Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Самыйкожо: Мектеп жетекчилерин аким дайындап жатат
14.04.2022 | 13:22
Мектеп директорлорун акимдер дайындап жатат, мындай кадам билим берүү системасына өтө чоң коркунуч жаратат. Бул пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо парламентте билдирди.
“Азыр мектеп директорлору, Райондук билим берүү башкармалыгы акимдерге карап калды. Директорду аким дайындап жатат. Акимдин чарбачылык жана аймакты өнүктүрүү менен алектенүүдө жумушу жетиштүү деп ойлойм. Мугалимдер билим берүүчү эмес, отчет берүүчү болуп калбайбы, коробка ташыгычка айланып калбайбы деген солдойгон собол жаралат. Билим берүүнү акимдерге эмнеге берип жатабыз? Эгер мындай болсо, эртеңки келечектен үмүт үзүш керек”, — деди Самыйкожо.
Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрин беш жылга кызматта отура тургандай кылып шайлоону сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат