Азат Сагынов «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорлук кызматынан бошотулду. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев ишкана кызматкерлеринин митингинде билдирди.
«Азаматтын үстүнөн арыздар түшкөн Азатты жумуштан бошоттук. Бул боюнча тема жабык», — деди ал.
Анын орун басары Болот Одуракаев да кызматынан бошотулганы кабарлады Ырсалиев.
Азат Сагынов бул кызматка 2021-жылдын декабрында дайындалган. Бишкек мэриясы анын кызматка дайындалганын расмий жарыялаган жок.